Биз жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Билим берʏʏ жана илим министрлигине караштуу  Башталгыч кесиптик  билим берʏʏ башкармалыгынын   Ташманбет  Токтоналиев атындагы                                       № 45-кесиптик лицейи” мекемесинин  тарыхы.

              Казармандагы Т.Токтоналиев атындагы № 45- кесиптик лицейи 1981-жылы  № 45- кесиптик техникалык училища болуп ачылып, 1984-жылдан баштап жалпы орто билим берүүчү окуу жай болуп өзгөргөн. Окуу жайдын имараты окуу материалдык техникалык базасы Казарман айылынын чет жагындагы эски имаратта жайгашкан.

1986-жылы окуу жайдын жаңы имаратын куруу үчүн жергиликтүү айыл өкмөт тарабынан атайын жер бөлүнүп берилип,  окуу жайдын жаңы окуу корпусу салына баштаган.1986-жылы акча каражат жагынан каржылоо токтоп калып курулуш токтоп калган.1996-жылы кайрадан курулуш жанданып, 1998-жылы  сентябрь айында окуу корпусу эксплуатацияга берилген.1994-жылдан баштап  кесиптик билим берүү менен  бирге орто билим алуу жагы колго алынган.

Окуу жай  алгач тракторист машинист, айдоочу, кыш кыноочу, жыгач уста «С» категориясындагы айдоочу кесиптери боюнча билим берип районубуздун уул,кыздарын кесипке даярдап  окутуп келген.

Кесиптик билим берүү башкармачылыгынын  жана областтык координациялык методикалык борбору тарабынан окуу жай толук аттестациядан өткөрүлүп  2001-жылы                        2-февралында № 035 берилген күбөлүктүн негизинде  кесиптик  лицей статусун алган.

2004-жылы 12-майда Тогуз-Торо райондук Кеңешинин 12-сессиясынын токтомунун негизинде  кесиптик лицейге окуу жайдын биринчи  директору Ташманбет Токтоналиевдин  наамы ыйгарылып, бүгүнкү күндө Ташманбет Токтоналиев агайыбыздын ысымын алып жүрөт.

Азыркы учурда окуу жай Кыргыз  Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу  Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгына  карайт.

Окуу жайда райондун  элинин жана  мекеме, ишканалардын жумушчуларынын талабына ылайык төмөндөгү кесиптерге даярдайт.

  • Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты /фермер/
  • Автомеханик „ С1“ категориясындагы автооунааны айдоочу.
  • Ашпозчу,кондитер.пекарь
  • Электр жаасы газ менен ширетүүчү „С1“ категориясындагы айдоочу
  • Компьютерди тейлөө жана оңдоо боюнча устаты.
  • Тигүүчү, улуттук буюмдарды жасоочу.
  • Ашпозчу,кондитер.
  • Жыгач устачылык паркет иштери боюнча устат.

 

Азыркы учурда окуу жайды  Сарыгулов Гүлжигит Кеӊешбаевич жетектеп келет.

 

Биз жөнүндө Биз жөнүндө Биз жөнүндө Биз жөнүндө Биз жөнүндө Биз жөнүндө

ОКУУ ЖАЙДЫН МИССИЯСЫ 

  Эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон кесиптер боюнча жаштардын жана калктын арасынан атаандаштыкка туруштук бере турган жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо.